• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча дүйнөлүк рейтингде 3 катарга жогорулады

Спорт 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Кыргызстандык Кубанычбек Айбек уулу өспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча дүйнөлүк рейтингде 3 катарга жогорулады.

Эл аралык Дзюдо федерациясынын расмий сайтында рейтингдин тизмеги жарыяланды.

Кубанычбек Айбек уулу 60 кг чейинки салмак ченинде тизменин 6-катарында турат. Кыргызстандык спортчу Марокко өлкөсүндөгү жаштар арасындагы чемпионатта бешинчи орун алгандыктан 3 сапка жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий