• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КУУнун студенттери Франция, Испанияга окууга барат

Коом 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине «CESIE» италиялык окутуу жана изилдөө борборунун өкүлү Вито ла Фата жана Алессио Бианчини келишти. КУУнун ректору профессор Чынара Адамкулова менен жолугушууда тараптар КУУ жана «CESIE» борборунун кызматташуу келечегин талкуулашты. Бул тууралуу ЖОЖдун басма сөз кызматы билдирди.

КУУнун ректору Кыргызстандын студенттерине Европада окутууну уюштурууну сунуштады.

“Француз жана испан тилдерин окуган студенттерибиз учурда окууларын Франция жана Испанияда уланта алышат. Биз италия тилинде окутуу багытын да ачууну каалайбыз”, - деди Чынара Адамкулова.

Вито ла Фатанын айтымында, «CESIE» окутуу жана изилдөө борбору негизинен билим берүү тутумун модернизациялоо жана жакшыртуу тармагында иштейт.

“Биз Европа, Россия, Украина, Беларусь, Армения, Грузия жана Кыргызстандын 450дөн ашык ЖОЖдору менен кызматташабыз. Борбордун бөлүмдөрүнүн бири жогорку билим берүү маселелери менен алектенет. Темпус, Еразмус+ жана Горизонт-2020 долбоорун ишке ашырууга катышабыз. Палермо шаарында биздин борбор жыл сайын ар башка өлкөлөрдүн студенттеринин Жайкы лагерин өткөрүшөт”, - деп белгиледи ал.

КУУнун сунушу боюнча Вито ла Фата бул маселе каралып жана сөзсүз түрдө чечүү жолдору табыларын билдирди.

Италиялык окутуу Борборунун өкүлдөрү КУУнун Европалык документация борборунда болушуп, европалык ЖОЖдордо билим алып келген студенттер менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий