• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кузбасста шахтадагы жарылуудан бирөө каза болуп, 40тан ашуун адам жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Кемеров облусунун Белов шаарында "Листвяжная" көмүр шахтасындагы жарылуудан бир киши өлүп, 43 кенчи жабыркады. Бул тууралуу Кемеров облусунун губернатору Сергей Цивилёв билдирди.

Аймактык медицнина борбору кабарлагандай, жабырлануучулардын баары иске ууланган. Алардын экөө оор абалда.

Такталган маалыматтарга караганда, окуя учурунда шахтада 285 киши болгон. Алардын 236сы жердин үстүнө чыгууга үлгүргөн, 48 адам дайынсыз болууда.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шахтадагы түтүндөн 45 адам жабыркаганын, дагы 48 кенчи жер алдында экенин билдирди.

Жарылуу 250 метр тереңдикте болгон. Техникалык көзөмөл агенттигиндеги өз булак кырсыктын келип чыгышына жабдуулардын бузулганы жана табигый себептер түрткү болгон деген версиялар каралып жатканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий