• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кузбасста шахтадагы жарылуудан каза болгондордун саны көбөйүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Кемерово бийлиги "Листвяжная" шахтасындагы кенчилерди издеп жаткан үч куткаруучунун кайтыш болгонун маалымдады. Бул тууралуу облустун губернатору Сергей Цивилев кабарлады.

Буга чейин төрт-беш кишиден турган куткаруучулар тобунун бири байланышка чыкпай калганы кабарланган. Аларда төрт саатка жете турган кычкылтек баллону болгон.

25-ноябрда Россиянын Кемерово облусунун Белов шаарында көмүр шахтасында жарылуу болуп, 11 адам каза таап, 49 кенчи жабыркаган. Дагы 35 кишинин дайыны чыкпай жатат.

Жарылуу 250 метр тереңдикте болгон. Россиянын башкы прокурорунун орун басары Дмитрий Демешин алдын ала маалыматтар боюнча метан газы жарылганын билдирди.

Кырсык учурунда жер астында 285 киши болгон. Алардын 239у жер үстүнө чыгууга үлгүргөн.

Ушул тапта куткаруу иштери таңга чейин токтотулду. Шахтада дагы жарылуу коркунучу бар экени айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий