• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

«Жалалабатэлектр» ишканасы шайлоо күнү күчөтүлгөн тартипте иштейт

Аймак 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. «Жалалабатэлектр» ишканасы 28-ноябрь күнү шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, компания облустагы 435 шайлоо тилкесин тейлейт. Ар бир участкага бирден электромонтёр, көзөмөлдөөчү кассир бөлүнүп, шайлоо тилкеси өз ишин жыйынтыктаганча нөөмөттө турат. Мындан сырткары, ар бир көмөк чордондо энергетиктер күзөттө болушат, ошондой эле район-шаарларда кошумча 60 мобилдүү тайпалар түзүлүп, ыкчам аракеттер жеринде көрүлөт.

Жалпысынан шайлоо күнү «Жалалабатэлектр» боюнча 757 кызматкер күчөтүлгөн тартипте иштөөнү улантат.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрь күнү КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өтөт.

Пикир

Оставить комментарий