• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.22./Кабар/. «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Аталган маселе боюнча айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков баяндама жасады.

Ал белгилегендей, аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Күрөө жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамына шайкеш келтирүү, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жол-жоболорун конкреттештирүү, жакшыртуу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн айкындуулугун камсыздоо, кыймылсыз мүлккө болгон менчик укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан.

«Долбоор аркылуу каттоо көктөмөсүн жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоого берилген арыздарды каттоо журналдарын негизги документтердин санынан чыгаруу сунушталат, анткени каттоо көктөмөсү ар кандай документтерди топтоочу документ, ал эми кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоого берилген арыздарды каттоо журналы каттоого арыздардын жана документтердин келип түшүүсүн каттаган документ болуп эсептелет. Ошол эле учурда бул документтер такыр эле четтетилбестен, негизги документтердин катарынан гана чыгарылат», - деп жыйынтыктады айыл чарба министри.

Пикир

Оставить комментарий