• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы „Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо“ долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 2-майында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий