• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз милициясына 96 жыл. ИИМ Академиясында өздүк курамды куттукташты

Коом 0

Бишкек, 31.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын жетекчилиги кесиптик майрамга карата Академиянын өздүк курамын куттуктап, кезектеги атайын наамдарды, сыйлыктарды ыйгарды. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирет.

ИИМдин Академиясынын баашчысы Т.Абитов кызматкерлерди куттуктап, милиция азыркы оор кырдаалда өзгөчө зор жоопкерчилике ээ болуп жаткандыгын белгилеп, жалпы курамга ден-соолук, иштерине ийгилик каалаган.

"Эпидемиологиялык абалга байланыштуу иш-чарага бөлүм башчылары гана катышып, санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоо менен өттү. Андан тышкары, ИИМдин Академиясынын кызматкерлери Академиянын ардагерлери менен жолугушууга барышып, майрамы менен куттуктап, чакан белектерин тапшырып кайтышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий