• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасында жабыр тарткан субъектилердин салыктык карызы кечилет — Умтулов

Экономика 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Баткен жана Ош облустарындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тикесиндеги куралдуу чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан субъекттердин салыктык карыздары кечирилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов билдирди.

Анын айтымында, мыйзам күчүнө киргенден баштап жергиликтүү салык кызматында атайын комиссия түзүлөт.

“Жабыр тарткандардын тизмеси бар, алар арыз менен кайрылышат. Бизде кимдин канча карызы тууралуу маалымат бар. Анын негизинде карызы качан пайда болгонун далилдейт, анан кечирүү процесси башталат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 4-апрелде “Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына салык салуу чөйрөсүндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.

Мыйзамдын максаты – президенттин “Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө”, “Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий