• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыздын кызы болгонума сыймыктанам! Айсулуу Тыныбекова Токиодон кайрылуу жасады

Коом 0


Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Айсулуу Тыныбекова Япониянын Токио шаарынан кыргыз элине кайрылуу жасады. Ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу түз эфирден жасаган видео кайрылуусунда кыргызстандыктарга айтылып жаткан каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирди.

“Ушул убакка чейин көптөгөн калоо-тилектер айтылып жатат. Ар бир айтылган каалоо тилектериңиздер орундалсын. Мен кыргыздын кызы болгонума сыймыктанам, себеби менин сиздердей мыкты жердештерим бар. Мен дагы бир жолу кайталайм, спорт мындай учурларда мени күчтүү болууга үйрөттү. Менде баары жакшы. Япон эли меймандостугун жогорку деңгээлде көрсөтүп жатат. Келечекте Кыргызстанда да Олимпиада оюндары өтсө экен деп тилек кылып жатам”, - деп билдирген ал.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин күмүш медалын тагынды.

Ошондой эле Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырды. Ал эми Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Пикир

Оставить комментарий