• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан бажы маселесин жакшыртпаса, Казакстан чек арада көзөмөлдү күчөтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 2.11.17 /Кабар/. Кыргызстан бажыдагы кемчилдиктерди четтетүү боюнча сунушка жообун расмий түрдө али бере элек. Эгерде тиешелүү жооп болбосо Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүн күчөтүүнү улантууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу журналисттерге Казакстандын Каржы министрлигинин мамлекеттик чыгымдар комитетинин төрагасынын орун басары Госман Армин билдирди.

“Кыргыз тарап талаптар менен макул, бирок расмий жооп алигиче келген жок. Биз дагы эле күтүп жатабыз. Бардык зарыл болгон маалыматты биз аларга жөнөткөнбүз. Бизде тиешелүү макулдашуулар бар, эми аларга кол коюп, расмий түрдө бекитүү гана керек”, - деп келтирет informburo Арминдиндин сөзүн.

Спикер Кыргызстан бул маселелерди карап, бажы кызматы бардыгын тиешелүү органдар менен макулдашып жатканын билдирди.

“Биз макулдашууларга жетишкенден бери бир жумадан ашык убакыт өттү. Бирок расмий жооп али болгон жок”,- деп тактады Госман Армин.

Мамлекеттик чыгымдар комитетинин төрагасынын орун басары жагдайды чечүүдө биринчи кезекте товарлардын баасы эки тарап үчүн бирдей болушу керектигин, салыктар теңделиши зарылдыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий