• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Кытай соцкамсыздандыруу жаатында жаңы макулдашууга жетишти

Коом 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. КР Социалдык фонду менен Кытайдын Адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министрлиги мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча жаңы макулдашууга жетишти.

Соцфонддон билдиришкендей, бүгүн Бишкекте өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жаңы макулдашуунун деталдарын, анын ичинде аны кароо мөөнөттөрү талкуулашты.

Ошондой эле тараптар 2003-жылдан бери кызматташуу боюнча макулдашуунун алкагында биргелешкен иштерди жандандыруу зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуу достук жана ишкердик маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий