• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстан менен Пакистандын ТИМ башчылары эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-декабрында Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) мүчө-мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин Афганистан боюнча 17-кезексиз сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Пакистан Ислам Республикасын тышкы иштер министри Махдум Шах Махмуд Куреши менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынын өткөрүү маселелерин, министрликтер аралык консультацияларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын медициналык жогорку окуу жайларынын Пакистандын медициналык комиссиясы тарабынан таануунун жолдорун жана Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда түз туруктуу аба каттамдарын ачуу маселелерин талкуулашты.

А.Артыкбаев Афганистандагы гуманитардык жана экономикалык кризистин алдын алуу үчүн эл аралык коомчулуктун күч-аракетин мобилизациялоо үчүн Ислам Кызматташтык Уюмунун жыйынынын актуалдуулугун белгиледи.

Эки тараптуу кыргыз-пакистан кызматташтыгы жагынан, Артыкбаев Пакистан тарапка учурдагы Кыргызстанда социалдык-экономикалык жана ички саясий абалы тууралуу маалымат берип, ошондой эле КРнын жетекчилигинин эки тараптуу мамилелерди бардык деңгээлде тереңдетүүгө жана активдештирүүгө даярдыгын белгиледи.

Тактап айтканда, кыргыз тарап жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Пакистандын тышкы иштер министри энергетика тармагындагы кызматташуу, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү жана гуманитардык өз ара аракеттенүү контекстинде эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министр Куреши аймактык тыгыз кызматташтыкты, анын ичинде ИКУ жана ШКУнун алкагында, ошондой эле афган кризисин мүмкүн болушунча тез арада чечүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий