• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Германия эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Бундестагынын депутаты, Борбордук Азия тобунун жетекчиси Манфред Грунд менен жолугуп, эки тараптуу жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча талкууланды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Элчи Абдылдаев жакында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялар тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасы чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жалаң гана сүйлөшүүсүн негизинде чечилиши керек экенин жактоосун баса белгиледи.

Мындан тышкара, жолугушуу учурунда герман тарапка “Кумтөр” компаниясы ишмердүүлүгүнүн негизинде Кыргызстандын экологиясына көрсөтүлгөн терс таасири тууралуу маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий