• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда 10 айда темир жол аркылуу 7,4 млн тонна жүк ташылды

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын 10 айында темир жол аркылуу 7 млн 456 миң 760 тонна көлөмүндө жүк ташылды. Бул туралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын тийиштүү мезгилинде 6 млн 474 166 тонна жүк ташылган, быйылкы жылдагы өсүш 982 миң 594 тоннаны түздү.

"темир жол аркылуу жүк ташуунун өсүшү Кыргызстанга импортту 112,1%га көбөйтүүнүн, ошондой эле экспортту 151,9 % көбөйтүүнүн эсебинен, ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Афганистан, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан, АТР - Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан-Түркмөнстан - Азербайжан – Грузия – Түркия – Европа мультимодалдык коридорлорунун ишке ашырылышы, 2021-2022-жылдары сатылып алынган 100 жүк ташуучу вагондордун пайдаланууга берилишинин жыйынтыгы жана калктын муктаждыктарынын көбөйүүсүнө байланыштуу болгон", - деп айтылат маалыматта

Ошондой эле Түркия, Словакия, Румыния, Польша, Нидерланд жана Венгрия сыяктуу өлкөлөргө темир жол транспорту менен экспорттук жүк ташуулардын жаңы түрлөрүнүн ачылышынын эсебинен "Кыргыз темир жолунун" түштүк бөлүмүндө жүк ташуулардын көлөмүнүн өсүшү байкалууда.

Учурда АТР - Кытай-Кыргызстан - Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан - Грузия – Түркия - Европа мультимодалдык коридорун өнүктүрүүгө багытталган иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий