• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 11 айда эт былтыркыга салыштырмалуу 7 миң тоннага көп өндүрүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрына карата республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 387,5 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматкк ылайык, мындай көлөм өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7054 тоннага, же 1,9 пайызга көптүк кылат.

"Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 35 миң башка көбөйүп, 1 715,7 түздү, кой жана эчкинин саны 11,9 миң башка көбөйүп, 6 278,7 башты түздү, жылкынын саны 17,0 миң башка көбөйүп, 539,6 миң башты түздү, ал эми чочколордун саны 5,2 миң башка азайып 29,4 миң башты түздү жана үй канаттуулардын саны 140,7 миң башка азайып 6 070,4 миң башты түздү.

Белгилей кетчү жагдай, 2021-жылдын январь-ноябрь айларында республиканын бардык облустары боюнча эт көбүрөөк өндүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий