• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 40 акимдин кызмат ордуна 322 талапкер резервде турат

Коом 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда 40 акимдин кызмат ордуна 322 талапкер резервде турат. Башкача айтканда, бир кызмат ордуна 8 адам туура келет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.

Агенттиктин жетекчиси мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчилик кызмат орундары үчүн регионалдык жана муниципалдык кадрлар резервин түзүү уланып жаткандыгын айтты.

"Акимдин орун басарлыгына 603 туура келет. Демек, 1 орунга 7 резервист бар дегенди билдирет", - деди ал.

Ошондой эле Базарбаев:

  • 32 шаар мэринин кызматына 395 талапкер, 1 орунга 12 резервист;
  • 52 мэрдин орун басар кызматына 719 талапкер, 1 орунга 13 адам;
  • 408 айыл өкмөт башчысынын кызматына 763, 1 орунга 2 талапкер турарын кошумчалады.

"Бүгүнкү күндө бул кызматтардын баарына 100 пайыз регионалдык жана муниципалдык резервден дайындалган", - деди агенттиктин башчысы.

Маалымат үчүн:

  • Регионалдык резерв – райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин жана орун басары кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерден турат.
  • Муниципалдык резерв - шаар мэринин жана орун басары, айыл өкмөт башчысынын кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерден турат.

Пикир

Оставить комментарий