• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 62 мектепте окуучулар салттуу түрдө окуп жатат - министрлик

Билим 0

Бишкек, 08.09.20 /Кабар/. Кыргызстанда 62 мектепте окуучулар салттуу түрдө окуп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрлик учурда өлкөдө 1-класстын окуучуларына гана мектепке барып-келип окуусуна уруксат берилгенин эскертет. Ал эми 2-11-класстын окуучулары аралыктан окушат.

"62 мектепке балдарды салттуу түрдө окутуусуна уруксат берилди. Алар коронавирус жуктурган учурлар катталбаган аймактардагы чакан жана башталгыч класстын мектептери", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий