• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 10,6 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 614 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 49 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 565 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 857 миң 969 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 649 миң 971 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий