Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда 29-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 125 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 40 - коронавирус, 85 - пневмония. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.
Штабдын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 43 миң 712 адамга жетти.
Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:
- Бишкек - 30
- Ош – 2
- Чүй облусу – 8
- Ош облусу - 12
- Талас облусу - 6
- Нарын облусу – 1
- Ысык-Көл облусу – 13
- Жалал-Абад облусу – 31
- Баткен облусу - 22
Пикир
Оставить комментарий