• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстанда бир суткада 341 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 6 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 17-августка карата коронавирус дагы 341 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 151, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 93, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 16 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 561 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 920 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 67 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 668 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 163 миң 810 киши айыгып чыкса, 2 миң 457 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий