• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бир жумада коронавирустан алты адам көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 29-марттан 4-апрелге чейин коронавирустан 6 адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Каза болгон адамдардын ичинен COVID-19 лабораториялык негизде 1, клиникалык-эпидемиологиялык түрдө 5 жарандан аныкталган.

Адам өлүмүнө алып келген учурлар Бишкекте катталган.

Өткөн аптада, 22-28-март аралыгында, COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген 5 учур катталган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 200 миң 968 адам ооруга кабылып, 2 миң 991 жаран көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий