• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 37 адамда COVID-19 табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 5-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 37 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 936 адамга жетти.

"Сутка ичинде Бишкек шаарында - 14, Ош шаарында - 1, Ош облусунда - 5 учур, Нарын облусунда - 6, Чүй облусунда - 7, Баткен облусунда - 1 жана Ысык-Көл облусунда - 3 учур катталды", - дейт ал.

Башкы санитардык дарыгердин айтуусуна караганда, сутка ичинде катталган 37 учурдун ичинен 17 учуру (46%) сырттан келген. Алардын ичинен Москва жана Оренбургдан келгендер бар. 12 учур байланышта болгон адамдардын арасынан табылса, калган 8 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек.

"Учурда эпидемиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү уланууда. Бейтаптардан көп учурда COVID-19 экинчи ирет алынган ПЧР-анализдин жыйынтыгында табылууда. Анткени биринчи анализ алганда чыкпай калышы мүмкүн. Ошондуктан кооптуу өлкөлөрдөн келген мекендештерди обсервацияда узак кармоого мажбур болуудабыз", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий