• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда "Дарыгердин депозити" программасында 200 жаш дарыгер бар

Ден соолук 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда "Дарыгердин депозити" программасында 200 жаш дарыгер бар. Алар ар бир квартал сайын 35 миң сом кошумча акча алат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жыйынында билдирди.

Анын маалыматына караганда, аталган программа 2019-жылы – 175 орун болсо, 2024-жылы кошумча 25 орун бөлүнүп, жалпы саны 200 орунду түздү. Анын ичинен 51 орун Үй-бүлөлүк дарыгерлерге каралган.


Маалымат үчүн: 2023-жылы бюджеттик негизде ординатураны 431 киши бүтүргөн. Алардын 216 (50,1%) бүтүрүүчү облустардагы саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий