• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда Бишкекте КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашыруу боюнча улуттук координациялык жолугушуу өткөрдү.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан билдиришкендей, иш-чарада диний чөйрөдө аткарылып жаткан мамлекеттик программалардын стратегиялары, жакынкы арада түзүлгөн приоритеттүү пландары жана милдеттери тууралуу талкуу жүргүзүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты 2021-2026-жылдарга КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын жана аны ишке ашырууда иш-чаралар планын аткарууда координациялоону күчөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий