• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда эт өндүрүүнүн көлөмү өстү – Айыл чарба министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 1-февралына карата республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 31,2 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 774 тоннага, же 2,6 пайызга көбүрөөк.

“Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби кой, эчки жана үй канаттууларынан тышкары малдын санынын өсүшү менен байланыштуу”, - деп айтылат маалыматта.

Улуттук статистика комитетинин кыска маалыматы боюнча, 2021-жылдын аягына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 34,6 миң башка көбөйүп, 1750,3 миң башты, жылкынын саны 7,7 миң башка көбөйүп, 547,3 миң башты, ал эми кой жана эчкинин саны 865 башка азайып, 6277,8 башты, үй канаттууларынын саны 146,4 миң башка азайып, 5923,9 башты түздү.

Белгилей кетчү нерсе, 2022-жылдын январында Баткен облусунан тышкары республиканын бардык облустарында эт көбүрөөк өндүрүлгөн. Баткенде эт өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 99,9 пайызды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий