• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда “Кыйноолорго каршы 26 күн” аттуу кампания старт алды

Коом 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Кыйноолордон жабыркагандарды колдоо күнүнө карата Кыргызстандын аймагында “Кыйноолорго каршы 26 күн” маалыматтык кампания старт алды. Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара борбордун ишмердүүлүгүнүн 7 жылдыгына, БУУнун кыйноолорго каршы Конвенциясынын 35 жылдыгына жана Кыйноолордон жабыркагандарды колдоо күнүнө арналган.

3нөн 21-июнга чейин Улуттук борбор Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргеликте бир нече жабык мекемелерди кыдырып, абактардын абалын текшеришет.

Графикке ылайык, Бишкек шаары жана Чүй облусунда 11 абакты кыдыруу пландалган.

“Маалымат кампаниясынын алкагында Бишкек шаарында 26-июнь күнү “Кыйноолорду колдонуунун системалык себептери жана алардын кесепети” аттуу тегерек стол министрликтердин жана куралдуу күчтөрүнүн катышуусу менен өтөт. Ал эми Жогорку окуу жайларында көргөзмөлөр жана студенттер арасында дебаттык турнирлер өткөрүлөт. Ошондой эле бир катар иш-чаралар Улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүктөрүндө өтөт”, - деди Сулайманов.

Пикир

Оставить комментарий