• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ШКУ саммитин өткөрүү маалында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Коом 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. ШКУ мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин отурумун өткөрүү маалында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлеринин күчөтүлгөн тартипте иштеши иш-чараны өткөрүү маалында туруктуу абалды камсыздоо, коомдук коопсуздукту сактоо, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн жасалууда.

Ички иштер органдары иш-чаралар өткөн, делегациялар жашаган жана алардын унаалары жүргөн жерлерди көзөмөлгө алат.

Шаар ичинде жана "Бишкек - "Манас" аэропорту" жолунда унааларга убактылуу чектөө киргизилип турат.

ИИМ билдиргендей, ШКУ саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү маалында массалык митинг, акция, пикет жана жүрүштөрдү болтурбоо үчүн коомдук уюм, кыймылдар жана жарандар менен профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен баардык нааразычылык акция жана митингдерди 1-июндан 20-июнга чейин Бишкек шаарындагы М. Горький багына жылдыруу сунушталган. Ал чечим алдыдагы ири иш-чарага карата көрүлүп жаткан даярдыктарга байланыштуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий