• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда кылмыштуулуктун өсүшү байкалууда — статистика

Коом 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда кылмыштардын олуттуу өсүшү катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

КР Башкы прокуратурасынын маалыматтары боюнча, 2021-жылдын январь-июнда республиканын аймагында 23,5 миң кылмыш катталган, алардын саны 2020-жылдын январь-июнуна салыштырганда 1,5 эсеге көбөйгөн, ошондой эле 12 миңге жакын жоруктар (дээрлик 30% көп) катталган. Ошол эле учурда, кылмыштардын басымдуу бөлүгү (алардын жалпы санынын 61%дан ашык) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган.

Кылмыштардын жалпы санында 2 миңден ашыгы же 11,6% оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген. Бул кылмыштардын негизги бөлүгүн жеке менчикке каршы кылмыштар түзгөн. 2020-жылдын январь-июнунда салыштырмалуу жалпы республика боюнча алардын саны 1,6 эсеге, анын ичинде алдамчылык – 2,1 эсеге, уурдоо – 1,5 эсеге, тоноо – 24,5%га өстү.

Өткөн жылдын январь-июнунда салыштырмалуу жалпы республика боюнча инсанга каршы кылмыштардын саны дээрлик үчтөн бириге көбөйдү. Муну менен бирге, өлтүрүүнүн саны - 26%га, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу учурларынын саны - 34%га, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү – 6%га көбөйдү.

Үстүбүздөгү жылдын жарым жыл ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 36%га, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары - 2,2 эсеге жана паракорлук – 1,4 эсеге өстү.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын саны олуттуу (23%га) көбөйдү. Ушундай кылмыштардын эң чоң үлүшү (57%дан ашыгы) баңги заттарды сатып өткөрүү максатында сактоо менен байланышкан жана 40%га жакыны - баңги заттарды сатууну максат кылбастан сактоо менен байланышкан.

Кылмыштардын санынын эң көбү Ысык-Көл облусунда (2,4 эсеге), Ош шаарында (1,7 эсеге), Ош облусунда (1,5 эсеге) жана Бишкек шаарында (1,4 эсеге) өсүшү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыкта кылмыш жасаган 13 миңден ашык адам аныкталды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,6%га көп. Алардын жалпы санынын 17%га жакыны - аялдар, 5%га жакыны - жашы жете электер түздү, жана кылмыш жасаган адамдардын санынан 54%га жакыны эч жерде иштеген эмес же окуган эмес.

Январь-июндагы катталган кылмыштардын аймактар боюнча саны

Бардык-учурлар

Мурунку жылдын тийиштүү

мезгилине карата пайыз менен

2020

2021

2020

2021

Кыргыз Республикасы

16 036

23 493

50,0

146,5

Баткен облусу

573

734

75,8

128,1

Жалал-Абад облусу

1 284

1 699

67,0

132,3

Ысык-Көл облусу

872

2 055

50,9

235,7

Нарын облусу

442

570

59,4

129,0

Ош облусу

1 284

1 877

74,0

146,2

Талас облусу

414

584

87,7

141,1

Чүй облусу

3 123

4 286

47,1

137,2

Бишкек ш.

7 150

10 140

44,4

141,8

Ош ш.

892

1 546

46,5

173,3

Пикир

Оставить комментарий