• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жапайы жаныбарлардын терилерин колдонгондор миллиондоп айыпка жыгылат

Коом 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Дүйнөнүн 12 мамлекети биригип илбирс жаныбарын коргоо тууралуу атайын Бишкек декларациясын 2003 – жылы эле кабыл алган. Бул жыл сайын азайып бара жаткан илбирс тукумун сактап калуу маселесинин олуттуулугунан кабар берет. Аталган жаныбарлардын акыркы эсептеги саны 200гө жетип – жетпейт, - дейт депутат Экмат Байпакбаев “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Илбирс жаныбарларынын тамагына айланган жаныбарларды да коргоо зарылчылыгы бар. Эгер бул жагына маани берилбесе, өз алдынча мергенчилик кылгандар тоо – текелерин, маралдарды, камандарды атып, өз кызыкчылыктарына пайдаланып жатышат. Каражат түшөт деп эле, алардын кырылуусуна алып келгенибиз туура эмес, - деген депутат, - «валюталык мергенчиликке» чектөөлөр коюлуп, аларды атууга кеминде 10 жылдык мораторий киргизилиши зарыл, - деп билдирди. Бул багытта даярдалып жаткан мыйзам долбоорунун маанисин түшүндүргөн эл өкүлү, - “Кыргызстан менен Тажикстанда гана чет элдик мергенчилерге уруксаат берүү оңой – олтоң иш болуп жатат”, - деп сынга алды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүк боюнча департаментинин директору Алмаз Мусаев да уктурууга катышып, жапайы жаныбарларга аңчылык кылуудагы белгиленген тарифтер менен тааныштырды. Адистин айтымында, тоо койлорун атууга уруксаатты 450 миң сом төлөгөн соң алчу. Азыр болсо бул сумма 700 миң сом,- деп белгиленүүдө. Ал эми тоо текелерине мергенчилик кылууга уруксаат алуунун баасы өзүнчө каралган. Ал 70 миң сомдон 100 миң сомго жогорулатылып жатат.

Кызыл китепке кирген жаныбарлардын терилерин колдонууга да тыюу салынат. Болгондо да анын өлчөмү 1,5 млн. сомду түзөт, - дейт адис.

Ошондой эле радиоуктурууга чакырылган окумуштуулар чөйрөсүнүн өкүлдөрү Эмиль Шүкүров менен Анатолий Остащенко болсо жан – жаныбарларды коргоонун илимий аспектилерин талдап беришти.

Пикир

Оставить комментарий