• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда өрттөрдүн негизги себептери – этиятсыздык жана балдардын от менен ойноосу

Коом 0

Бишкек, 15.02.19 /Кабар/. Кыргызстанда өрттөрдүн негизги себептери – этиятсыздык жана жаш балдардын от менен ойноосу. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлиги кабарлады.

2019-жылдын январь ай ичинде республика боюнча 191 өрт кырсыгы катталып, 4 адам каза болгон. Өткөн жылга салыштырмалуу өрттөрдүн саны 54,6% азайган.

Адистердин айтымында, өрттөрдүн негизги себептери:

  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу
  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык
  • мештерди жана морлорду (курууда эреже бузуу) этиятсыздык колдонуу
  • балдардын от менен ойноосу

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болгон. Статистика боюнча, өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда катталган, андай кийин Бишкек шаары Жалал-Абад облусу.

ӨКМдин адистери өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында 468 жолу (16 325 адамды камтыган) өрткө каршы лекцияларды, түшүндүрүү иштерин өткөргөн.

Кышкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук мештерди жана морлорду колдонбогула
  • от жагуучу мезгилге чейин адамдардын өлүмүн жана жаракат алуусун болтурбоо үчүн мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо керек
  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула
  • колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбогула
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла
  • балдарды кароосуз калтырбагыла
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.

Пикир

Оставить комментарий