• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда уран калдыктарын сактоочу жайларды рекультивациялоо иштери 2019-жылы башталат

Коом 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Кыргызстанда уран калдыктарын сактоочу жайларды рекультивациялоо иштери 2019-жылы башталат. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Евробиримдик Борбор Азиядагы үч өлкөнүн аймагындагы 7 калдык сактоочу жайды рекультивациялоо үчүн фонд негиздеген.

Алардын катарында Кыргызстандын Майлуу-Суудагы, Миң-Куш менен Шекафтардагы калдык сактоочу жайлар, ал эми Тажикстан менен Өзбекстандын аймагында экиден радиоактивдүү калдык сактоочу объекттер бар.

Долбоордун наркы 85 млн еврону түзөт. Бул каражаттын негизги бөлүгү Кыргызстандагы иштерди аткарууга жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий