• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык академик чек арадагы көйгөйлөрдөн улам казак бийлигине кайрылды

Коом 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. КР Айыл чарба министрлигинин ирригация илим-изилдөө институтунун директору, экономика илимдеринин доктору Улан Чортомбаев чек арадагы көйгөйлөр боюнча Казакстандын бийлигине кайрылуу жасады.

Ал өзүнүн Facebook`тагы баракчасына Кыргызстанда суунун аздыгы курч көйгөй жаратып жатканын, ошондуктан кыргыз тарап казак тарапка суу берүүнү токтотуп койгонун түшүндүрдү. Ошондой эле ал спутниктен Талас районундагы Киров суу сактагычынын сүрөттөрүн жарыялап, сөзүн факты түрүндө ырастаган.

Казак баурларга кайрылуу

"Урматтуу бир боор казак туустар!

Силер бажы постторунан биздин жүк ташуучу машиналарды өткөрбөй, чек ара постторуңарда узун кезек күттүрүп койдуңар. Себебин биз силерге суу бербей токтотуп койду деп түшүндүрүп жатасыңар. Жаздан бери Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан тынымсыз суу бердик. Өзүбүздө суу жок калса дагы эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерди, протоколдорду жана милдеттенмелерди толугу менен аткардык.

Өзүңүздөр көрүп тургандай, мына бул Киров суу сактагычындагы спутниктен алынган биринчи сүрөт жаз мезгилиндеги суу толуп турган кези. Экинчи сүрөт бүгүнкү ахыбалы. Суу жок. Суу жок болсо силерге эмнени берели? Суу бар туруп, силерге бербей жаткандай көрбөгүлө. Азыр 21-кылым. Спутник аркылуу баарын көрүп алсаңар болот. Ушул суунун түбүндө балыктар калды. Бул сууну агызып жиберсек балыктар өлүп жок болот. Балыктардын да жашоого акысы бар го акыры. Келгиле бири бирибизге бөгөт койбостон бир туугандык мамиле менен ишибизди уланта берели. Чек араңарды жаппай, тескерисинче машиналарды тез-тез өткөрүп тургула. Эртең эле кайрадан сууга муктаж убакыт келип калат. «Ынтымак бар жерде ырыс бар». Ырысыбызга түкүрүп албайлы", - деп жазган ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-августта КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы "Актилек - унаа жолу" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын узун кезеги топтолгон.

Саат 09:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта казак тарап 3 унааны өткөргөн. Ошентип, саат 18:30да Кыргызстандан Казакстанга чыгуу үчүн 370тей оор жүк ташуучу унаа кезекте турган.

Маалым болгондой, Кыргызстандын Чүй облусу боюнча чек ара өкүлдөрү унаалардын жай өтүшүнүн себептери боюнча казак өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүү маселесин карап жатышат.

КР УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан эч кандай чектөө киргизилген жок жана өткөрүү пункту күнүмдүк режимде иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий