• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык футболчу кыздар CAFA U-15 girls мелдешинде күмүш байгелүү болду

Спорт 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүм кыздар курамасы Өзбекстанда өткөн CAFA U-15 girls мелдешинде күмүш байгелүү болушту. Бул тууралуу Кыз-келиндер футболу ассоциациясынан билдиришти.

Мелдеш кечээ, 16-сентябрь күнү Ташкент шаарында жыйынтыкталган.

Мелдештин жыйынтыгында Ирандын курамасы эң көп упай топтоп, жарыштын жеңүүчүсү болгон. Кыргызстан 6 упай алып (эки оюнда жеңип, бир ирет жеңилген) экинчи орунга татыган. Үчүнчү орунду Тажикстандын командасы алган.

Пикир

Оставить комментарий