• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда төртүнчү жаранды аман-эсен куткарышты

Кырсык 0


Бишкек, 13.02.23./Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Түркияда урандылардын астынан төртүнчү жаранды аман-эсен куткарышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык куткаруучулар кыйрап калган 12 кабаттуу үйдүн эң астынкы кабатынан дагы бир жаранды тирүү алып чыгышкан.

Буга чейин Түркияда Кыргызстандын куткаруучулары урандылардын астынан 16 жаштагы баланы, 22 жаштагы кош бойлуу кызды жана 7 жаштагы баланы аман-эсен куткарышкан.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий