• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жайыл районунда каналга түшүп кеткен 3 жашар кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 06.09.20. /Кабар/. Жайыл районунда каналга түшүп кеткен 3 жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-август күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында каналга 3 жашар кыз түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бербей келген.

Кечээ, 5-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен жалпы 31 куткаруучу тартылган. Ошол эле күнү саат 16:45те Жайыл районундагы Талды-Булак айыл аймагынын Бекитай айылында сугат каналынан кыздын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий