• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР элчиси JITCO президенти менен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев Япониянын Эл аралык окутуу боюнча кызматташтык уюмунун (JITCO) президенти Хироаки Яги менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Э.Осоев чет элдик жумушчулар үчүн JITCO иш-чараларынын маанилүүлүгүн белгилеп, кыргызстандык техникалык стажерлорго жана жумушчуларга дайыма колдоо жана жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал элчиликтин негизги милдеттеринин бири Япония менен адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында кызматташуу экенин кошумчалады.

Ошондой эле элчи Япониядагы кыргызстандыктар топтогон тажрыйба өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошуп, эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого жардам берет деген ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жана адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында тыгыз кызматташууну улантууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий