• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 29-июлдан 31-июлга чейин температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү күтүлөт. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Ысык-Көл облусунун дарыяларында, дарыялардын нугуна жанаша жайгашкан аймактардын жээктерин жана жайылма участокторун жууп, суу каптоолор болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий