• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасынын келиши күтүлүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Кыргызстанга коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасынын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жакын арада швед-британиялык өндүрүүчүлөр тарабынан иштелип чыккан AstraZeneca вакцинасынын келиши күтүлүүдө.

Ишенапысова эмдөөдөн өтүүдөгү сактык чаралары туурасында айтып берди:

- эмдөөдөн кийин 15 мүнөттөн кем эмес байкоо жүргүзүү сунушталат;

- AstraZeneca вакцинаны эмдөө курч фебрилдик оорулары бар бейтаптарга каршы көрсөтүлөт;

- тромбоцитопения менен ооруган, ар кандай кандын уюшу бузулган же антикоагулянттуу терапия алып жаткан жарандарга этияттык менен колдонулат;

- суук тийгенде же дене табы бир аз көтөрүлгөн учурда эмдөө болот.

Пикир

Оставить комментарий