• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-мартынан 31-мартына чейин түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолунун 1-14, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 72-91 (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-115, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 286-306 (Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 (Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш автоунаа жолунун 165-173 (Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык автоунаа жолунун 97-98, 110, 136-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий