• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

МАИ кызматына 87 жыл толду. ЖКККББ башчысынын куттуктоосу

Коом 0

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын (МАИ) түзүлгөндүгүнө 87 жыл толду. КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов өздүк курамды куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

"Урматтуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери, ардактуу ардагерлер сиздерди бүгүнкү 3-июль кесиптик майрамыңыздар менен башкы башкармалыктын атынан чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Сиздердин талыкпаган ак кызматыңыздар менен өлкөбүздө коопсуздук сакталып, жол кыймылынын коопсуздугу камсыздалып келет.

Бүгүнкү күндө, ИИМдин түзүмүн реформалоонун алкагында, биздин кызматтын аткарган фунциясына, кызматтык милдеттерибизге жана укуктук ченемдик актыларыбызга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен техникалык базабыз жаңыланып келет. Бунун баары мезгилдин талабына ылайык, коопсуздук багытында жүрүп жаткан реформалардын башталышы кана. Аткарылуучу чоң милдеттер дагы да алдыда.

Урматтуу кесиптештер жана ардагерлер сиздердин бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктап, баарыңыздарга бекем ден соолук үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Өлкөбүздө туруктуулук жана өнүгүп өсүү орун алсын".

Пикир

Оставить комментарий