• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бомба тууралуу маалымат түшкөн. “Манас” аэропорту курчоого алынды – Чүй облустук милициясы

Коом 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. “Манас” аэропорту курчоого алынды. Бомба тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

“Бүгүн учактардын биринде бомба бар деген маалымат келип түшкөн. Ошол эле учурда учак болжол менен саат 19:35те конору аныкталган. Маалымат түшкөн соң милиция кызматкерлери дароо “Манас” аэропортун курчоого алды”, - деп айтылат маалыматта.

ОИИББден маалымдашкандай, учак конгон соң учактын ичиндеги жүргүнчүлөрдү коопсуз алып чыгуу иштери жүргүзүлдү.

Учурда жеринде атайын кызматтын кызматкерлери иш алып барууда.

Ал эми милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти сактоо иштери жүргүзүлүүдө

Пикир

Оставить комментарий