• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Манас” аэропортунда эне жана бала үчүн 3 бөлмө бар (видео)

Коом 0


Бишкек, 29.02.20. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунда учууну күтүүгө кичинекей балдар жана аларды коштоп жүргөн чоң адамдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө “Манас” аэропортунун үч кабатында жайгашкан эне жана бала үчүн атайын 3 бөлмө бар – бирөө ички каттамдар аймагында, ал эми экөө эл аралык каттамдардын стерилдик аймагында.

Бардык бөлмөлөр ашкана, уктоочу керебет, оюн аянтчалары, эс алуу зоналары менен камсыздалган. Ошондой эле ороочу столдор жана гигиена бөлмөлөрү бар. Ашканада бардык керектүү нерселер бар: микротолкундуу меш, ысык жана муздак суу менен кулерлер.

Иштөө убактысы: күнү-түнү

Баасы: бекер

Пикир

Оставить комментарий