• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Манас районунда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Талас облусуна караштуу Манас райондук хатибиятына Бишкек шаарынан эр жигиттер тарабынан гуманитардык жардам катары азык-түлүктөр жиберилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар бир баштыкчада 28 килограммдан азык-түлүк камтылган. Анын ичинде 10 кг ун, 5 кг макарон, 5 кг кант, 5 литр май, 3 кг күрүч баардыгы биригип 64 баштыкча даярдалды.

Баштыкчылар райондун Кайыңды, Жайылган, Баласаруу, Үч-Коргон айылдарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө таратылып берилди.

Пикир

Оставить комментарий