• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Марипов: 2021-жылы санариптештирүүнүн бардык компоненттери толук иштеши керек

Өкмөт 0

Бишкек, 07.03.21. /Кабар/. 2021-жылы санариптештирүүнүн бардык компоненттери киргизилип жана тиешелүү аналитикалык системалар менен толук кандуу ишке берилүүгө тийиш. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүү маселелерин талкуулоо боюнча жыйында билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Өкмөт башчы бажы тармагын санариптештирүү боюнча анчалык канааттандырарлык эмес иштерди белгилеп, бул жаатка өзгөчө басым жасаларын баса көрсөттү.

«Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү бир нече жыл мурда башталган жана биз бул маселеде белгилүү бир натыйжага жетиштик. Бирок ошону менен бирге иште кетирилген бир катар каталыктар жана кемчиликтер бар. Бул жол-жоболорду санариптештирүү боюнча бардык иш-чараларды коррупциялык тобокелдиктерди жоюунун жана бюджетке түшүүлөрдүн көбөйүшүнүн, ак ниет салык төлөөчүлөрдү жана калкты контрафакттык продукциядан коргоонун, көмүскө экономиканын үлүшүнүн жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө берүүнүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен ыкчам тартипте жүргүзүү зарыл», - деди ал.

Улукбек Марипов системалык негизде Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин ишин жандандыруунун маанилүүлүгүн да белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий