• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мигранттар, тигүүчүлөр, дыйкандар. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүнөн кимдер пайда көрдү

Коом 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Социалдык-саясий изилдөө институтунун жетекчиси, саясий серепчи Денис Бердаков Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирүүдөн кандай пайда алды жана биз бул интеграциялык биримдиктин натыйжалардын кандай күчөтүшүбүз керектигин айтып берди.

Анын айтымында, азыркы учурда Россияда 1 млн 150 миң кыргызстандык бар. Алардын бары биздин өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсүнүн аркасында эмгек мигранттары эмес, эмгектенүүчүлөр статусун алышты. Алар эгер келишим менен иштеп жатышкан болсо поликлиникага бара алышат жана балдарын бала бакчаларга бере алышат.

“Башкача айтканда алар Россиянын жарандары сыяктуу эле бардык социалдык кызматтарды алууга укуктуу. Аларды текшерүүлөрдүн саны кыскарды. Орточо алганда, менин эсебим боюнча ар бир эмгектенүүчү түрдүү экзамендерди тапшыруунун, маалымат жана патент алуунун кереги жоктугунан жылына кеминде 60 миң сом үнөмдөйт. Ал эми муну 1,1 млн адамга көбөйтсөк ири сумма келип чыгат. Бул акчаны кыргызстандыктар өздөрүнүн үй-бүлөлөрү үчүн үнөмдөй алышты”, - деп белгиледи Бердаков.

Экинчи жакшы жагы – товар айландыруу. “Айрымдар Кыргызстан ЕАЭБсиз эле жашап кете алмак деп айтып жатышат. Келгиле эстеп көрөлү, 2013-жылы Россия, Казакстан жана Беларустун Бажы биримдиги учурунда бул өлкөлөр менен соодабызда көйгөйлөр болгон. ЕАЭБге кирүү менен биз ал жакка өзүбүздүн товарларды ташууга мүмкүнчүлүк алдык. Биздин товарлар үчүн магистралдык өнүгүү жолу ачылды”, - деди ал.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун аркасында социалдык-экономикалык модель өзгөрдү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү үчүн чоң сандагы жаңы бакчалар жана ишканалардын саны көбөйдү. “Бүгүнкү күндө биз 175 млн адамы бар ЕАЭБдин жалпы рыногунун бөлүгү болуп саналабыз. Акырындык менен биз экономиканын “сатуу – сатып алуу” кыска мөөнөттүү моделинен өндүрүш, айыл чарба моделине өтүп жатабыз. Тигүүчүлөр дагы чоң пайда көрүштү. Бул тармактагы логистиканы эске алганда 500 миңге чейин адамга эмгектенет. Бул Кыргызстандын бардык калкынын санынын дээрлик 10%ын, же эмгекке жарамдуу аялдардын 20%ын түзөт. Бүгүнкү күндө буйрутма берүүчү жана продукцияны сатып алуучу туруктуу рынокко ээ. Республиканын ичинде жумуш камсыздалууда”, - деди эксперт.

Анын айтымында туризм тармагына дагы пайдалуу болду. Өзгөчө быйыл жайында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эс алуучулардын агымы Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө.

Денис Бердаков Кыргызстан ЕАЭБ бизге ачып берген мүмкүнчүлүктөрдүн жарымынан көбүн ача электигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий