• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Милиция иш таштаган айдоочуларды каттамга чыккандарга тоскоолдук кылбоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы маршрут таксилеринин айдоочуларын мүмкүн болгон чагымчылдыкка алдырбоого жана иш ташаган айдоочуларды каттамга чыккандарга тоскоолдук кылбоого чакырат.

Борбор калаанын милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, укук бузуулар катталса КР мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары, коомдук транспортто жана шаардын көчөлөрүндө жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч келтирген, ошондой эле жеке жана мамлекеттик менчикке зыян келтирген мыйзамдуулукту жана тартип бузууда күнөөлүүлөр жоопко тартылат.

“Эскертебиз, эгер жарандын же балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса жакынкы милиция кызматкерлерине кайрылуу же күнү-түнү иштеген “102” кыска номерине чалуу зарыл”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий