• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Министрлер кабинети "Элдик курултайдын катчылыгы" мекемесин түздү

Курултай 0

Бишкек, 21.1.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Элдик курултайдын катчылыгы" мекемесин түзүү жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, мындай чечим Элдик курултайдын ишин камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Финансы министрлигине зарыл болгон акча каражатын табуу жана Катчылыктын ишин каржылоону белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу тапшырмасы берилди.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке президенттин Иш башкармасы менен биргеликте Катчылыкты керектүү жайлар менен камсыз кылуу тапшырмасы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий