• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Молдогазиев Кытай элчиси менен кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-февралда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышуу болду.

Ошондой эле тараптар үстүбүздөгү жылда бийик жана жогорку деңгээлде маанилүү эки тараптуу иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий