• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мыйзамсыз мрамор ташыган жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Ош облусунун Араван районундагы Араван токой чарбасынын аймагында №6 Агарт участкасында мыйзамсыз мрамор таштарын ташыган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Мамэкотехинспекциянын инспекторлорунун ыкчам иш-аракеттеринин негизинде Исанов Маматказы аттуу жаран, жайыт багытындагы жерден баалуу кенди казып келгендиги аныкталган. Ал эми мыйзам боюнча токой чарбалардын аймагында баалуу кендерди казуу иштери тыюу салынганы менен, Араван токой чарбалыгы аларга эч кандай чара көргөн эмес.

“Жеринде ишкердин мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулуп, 31 590 сом доо менен 18 000 сом айып салынды. Бүгүнкү күндө коюлган доо айыптар толугу менен өндүрүлүп, мыйзамсыз иштерге жол берген Араван токой чарбалыгынын тийиштүү адистерине чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий